Connect with us

Эми коомдук жайларда электрондук тамеки чегүүгө тыюу салынат

Ден соолук , Коом | 6 Мар 2023 | 1602 | 0

Депутат Эрулан Кокулов «Кыргызстандын жарандарынын ден соолугун тамеки, никотин кесепеттеринен, айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Эл өкүлү азыркы мыйзамда тамеки чегүү, анын ичинде электрондук тамеки, IQOS, вейп жана насвай үчүн административдик жазалоону караган эреже жок экенин айтат. Ал кадимки жана электрондук тамеки тарткандарга 1000 сом айып пул салуу керектигин сунуштады. Учурда аталган документ коомдук талкууга коюлду. Ал эми дарыгерлер кадимки тамекилерге караганда электрондук тамекилердин зыяны аз деген пикирди четке кагат. Алар 18 жашка чейинки өспүрүмдөргө электрондук тамекини сатууга тыюу салып, көзөмөлдөөнү күчөтүү керектигин айтышууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов коомдук жайларда кадимки тамеки чегүүдөн тышкары электрондук тамеки чегүүгө да тыюу салуу демилгесин көтөрдү.

Ал элдин ден соолугуна кам көрүү максатында мыйзамга өзгөртүү киргизилип жатканын, эгер мыйзам колдоо тапса, анын иштешин жеке өзү көзөмөлдөй турганын белгиледи.

Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, эми коомдук жайларда электрондук тамеки чеккендерге 1000 сомдон айып пул салынат. Айып пулдун суммасы жогорулашы мүмкүн.

«Бул азыркы күндөгү адамдардын эле ден соолугу үчүн эмес, келе жаткан жаш муундун да ден соолугу үчүн кам көрүү болуп саналат. Азыр канчалык никотинден айрылсак, келечекте ошончолук көп муун мындан алыс болот. Электрондук тамекиде көзөмөл жок. Буга чейин коомдук жайларда тамеки тарткандарга 1000 сомдон айып пул салынса, ал эми электрондук тамеки кирбей калган. Ошондуктан биз бул мыйзамга электрондук тамекилерди киргизели деп жатабыз. Эми коомдук жайларда электрондук тамеки тарткандарга да айып пул салына баштайт. Азыркы учурда айып пул: 1000 сом. Бирок жакында бул сумманы көбөйтүү демилгесин көтөрүп чыгам».

Мындан сырткары электрондук тамеки чеккендерге гана айып пул салынбастан, аны саткандар да мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.

Эгерде тамеки чегүүгө мүмкүн болгон жайларда тамекинин, вейптин, электрондук тамекинин зыяндуулугу тууралуу маалымат жок болсо, 3000 сомдон 13000 сомго чейин айып пул салынат.

Ошондой эле сатуу жайларында тамекинин зыяны тууралуу маалымат илинбесе, 5,5 миң сомдон 17 миң сомго чейин айып пул каралат.

Муну менен катар 18 жашка чыга элек өспүрүмдөргө тамеки жана электрондук тамеки саткандарга 17 миң сомго чейин айып пул салынат.

Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун дарыгери Анара Калиева акыркы убакта өлкөдө электрондук тамеки чеккен жаштар көбөйүп жатканын белгилейт.

Ал электрондук тамекилер көбүнчө өспүрүмдөр арасында популярдуу болуп, аларга сырткы көрүнүшү, даамы, жыты жагып, өзүнө тартып жатканын айтты.

Дарыгер электрондук тамеки менен кадимки тамекинин зыяны бирдей экенин белгилеп, ден соолукка тийгизген терс таасирлери тууралуу түшүндүрүп берди.

«Негизи эле табак индустриясынын максаттуу аудиториясы өспүрүм балдар. Кадимки тамекини чекпейбиз деген жаш балдарды электрондук тамеки коопсуз деп алдап келишүүдө. Бирок ар бир электрондук тамекинин ичинде никотин бар. Бул өспүрүмдөрдүн ден соолугу үчүн абдан кооптуу. Эгер никотин организмге кирсе, мээнин иштеши бузулат. Мындан сырткары никотин жүрөк кан тамырларына жаман дарт алып келет. Инфаркт, инсульт деген ооруларга алып келет».

Буга чейин бул маселе Жогорку Кеңештин жыйынында бир канча депутат тарабынан көтөрүлгөн.

Эл өкүлү Шаирбек Ташиев парламенттин 2-марттагы жыйынында өлкөдө электрондук тамекиге мыйзам чегинде тыюу салууну сунуштаган.

Ташиев акыркы убакта жаштар арасында, анын ичинде кыздар арасында электрондук тамеки чеккендер көбөйүп жатканын айтты.

«Бул электрондук тамекилер Кытайдан келет. Анын курамында кандай заттар бар экенин эч ким билбейт. Кыз-келиндер арасында чеккендер көбөйүп кетти. Саламаттык сактоо министрлиги бир гана ооруну сакайтат деп түшүнбөшүбүз керек. Биз оорунун алдын алышыбыз керек. Эгер эртең массалык оору пайда болуп калса, кеч болуп калышы мүмкүн. Ал үчүн мамлекеттик деңгээлде карашыбыз керек. Саламаттык сактоо министрлиги, ИИМ жана УТРК менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тарбиялык роликтерди чыгаруу керек».

Акыркы жылдары электрондук тамеки жана ысытылган тамеки заттары сыяктуу жаңы түрлөрү пайда болду. Ал сатыкка 2014-жылдан тарта чыгып баштаган.

Ал эми коомдук жайлар менен мекемелерде тамеки тартууга тыюу салган мыйзам 2021-жылдын 29-июлунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, ага президент Садыр Жапаров кол койгон.

Copyright © 2017 Maral FM