Биз менен байланышыңыз

Айгүл Жапарова Москвада Кыргызстан аялдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту

Кыска кабар | 6 Мар 2023 | 339 | 0

Президенттин жубайы Айгүл Жапарова Орусиянын Москва шаарында Кыргызстан аялдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин администрациясынан билдиришти.

Айгүл Жапарова Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин иши менен таанышып, Ак калпак күнүнө карата уюштурулган иш-чарага катышты.

Андан тышкары Москвадагы Кыргызстан аялдар кеңеши менен жолугушуу өткөрүп, ал жерде сүйлөгөн сөзүндө аялдардын коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык турмушка активдүү катышуусуна өзгөчө көңүл буруу керектигин белгилеп өттү.

Эске салсак, Москва шаарында бүгүн, 6-мартта «Кыргызстан менен Орусиянын аялдарынын келечек үчүн диалогу» аттуу биринчи кыргыз-орус аялдар форуму өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM