Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн

Кыска кабар | 5 Мар 2023 | 273 | 0

Бүгүн саат 12:30дар чамасында Бишкек жана Чүй облусунун айрым жерлеринде катуу шамал болору эскертилет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек жана Чүй өрөөнүндө түндүк-батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болушу мүмкүн.

«Урматтуу айдоочулар, машинаңарды бак-дарактын жана имараттын жанына токтотпоңуз. Кырсык катталган учурда 112 бирдиктүү номери аркылуу байланышыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт»,— деп жазылган маалыматта.

Буга чейин өлкөдө катуу шамалдын айынан үйлөрдүн, имараттардын чатырлары кыйрап, бак-дарактар сынып машиналарды жана адамдарды басып калган учурлар болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM