Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев жана тиешелүү мекеме жетекчилер менен биргеликте Ош – Ноокат – Раззаков унаа жолун оңдоп-түзөө иштери менен таанышты.
Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, учурда аталган жолду оңдон-түзөө иштери кызуу жүрүүдө.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош – Ноокат – Раззаков жолунун кооптуу участокторунда оңдоп-түзөө иштери мындан бир нече күн мурун башталган.