Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Ак калпак» күнү белгиленүүдө

Кыска кабар | 5 Мар 2023 | 308 | 0

Бүгүн Бишкек шаарындагы Улуттук тарых музейинин алдында кыргыздын улуттук баш кийими «Ак калпак» күнүнө карата салтанаттуу иш чара өтүүдө.

Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен биргеликте уюштурулууда.

Салтанат алгач саат 9:30 да Тоголок- Молдо /Чүй проспектисинен «Ала- Тоо» аянтына чейин катышуучулардын жүрүшү менен башталды.

Анын алкагында ак калпактардын көргөзмөсү уюштурулуп, манас айтылып, жаш акындардын мекенге жана ак калпакка арналган ырлары окулуп, төкмө акындардын катышуусу менен кыргыз ак калпагы даңазаланат.

Иш-чаранын расмий бөлүгү саат 10:00 башталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM