Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров сот тутумунун кызматкерлери менен жолугушту

Кыска кабар | 4 Мар 2023 | 207 | 0

Бүгүн, 4-мартта президент Садыр Жапаров өлкөнүн сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Мамлекет башчы сот тутумунун кызматкерлеринен ак ниеттүүлүк, принципиалдуулук, чынчылдык жана кынтыксыз жүрүм-турум талап кылынарын белгиледи.

Ал сот бийлигинин жетекчилерин, сотторду, сот тутумунун кызматкерлерин жана ардагерлерин келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктады.

«Сот — бул сиздердин жөн гана кесиптик иш чөйрөңүздөр эле эмес, миллиондогон жарандардын тагдырына таасир эте турган мамлекеттик институт.

Сот тутуму өзүнчө бир бийлик бутагы катары укуктук мамлекеттин эң маанилүү түзүүчүлөрүнүн бири болуп саналат. Андыктан сиздер колуңуздардагы мындай эбегейсиз чоң бийлик ресурсун туура, так жана натыйжалуу колдоно билишиңиздер зарыл. Аны калыс, акыйкат колдонуу менен жалпы мамлекеттик бийликтин аброю бекемделет, элдин ишеничи кайтарылат.

Сот тутуму жарандардын жана ишкерлердин конституциялык укуктарынын, ошондой эле алардын эркиндигинин ишенимдүү корголушун камсыз кылууга милдеттүү. Ошол эле маалда сот бийлиги жеке кызыкчылыктан, саясий симпатиядан, идеологиялык алдын ала пикирлерден оолак болуусу өтө маанилүү!

Өзгөчө сот тутумунун кызматкерлеринен ак ниеттүүлүк, принципиалдуулук, чынчылдык жана кынтыксыз жүрүм-турум талап кылынат. Себеби сот бийлигинин аброю ар бир кызматкердин өз милдеттерин канчалык абийирдүү жана жоопкерчиликтүү аткаргандыгынан түздөн-түз көз каранды.

Элибизде сот адилетүүлүгү тууралуу ташка тамга баскандай, таамай айтылган „Ыймандуу бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок!» деген накыл сөз бүгүнкү күндө дагы өз таасирин жоготкон жок. Бул накыл сөздү эгерим эсиңиздерден чыгарбаңыздар!» — деди Садыр Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM