Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө илимий-изилдөө иштерине жылына 5 млрд сомдой бөлүнөт

Кыска кабар | 4 Мар 2023 | 197 | 0

Министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмеси өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Анда Акылбек Жапаров эми жыл сайын мамлекеттик органдарга бөлүнгөн каражаттардын 1%ы илимий изилдөөлөргө багытталарын айтты.

«Бул болжолдуу түрдө жыл сайын 5 млрд сомго жакын каражат. Мамлекеттик органдар ата мекендик окумуштуулар жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын түзүмүнө кирген илимий-изилдөө институттары тарабынан жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөрдүн заказ кылуучусу болуусу тийиш. Ошол эле учурда натыйжалуулугу өтө төмөн болгон Улуттук илим фондун кайра түзүү зарыл», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM