Биз менен байланышыңыз

Президент «Ак-Кула» ат майданынын абалын көрдү

Кыска кабар | 3 Мар 2023 | 170 | 0

Бүгүн, 3-мартта президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы «Ак-Кула» ипподромуна пландан тышкары барды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы билдирди.

Анын айтымына караганда, мамлекет башчысы ипподромду кыдырып, анын учурдагы абалын көрүп чыкты.

«Садыр Жапаров заманбап жаңы ипподром куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү боюнча сунуштарды киргизүүнү, ошондой эле учурдагы ипподромду бузуп, анын ордуна калкка жеңилдетилген ипотекалык насыя менен берилчү көп кабаттуу үйлөрдү салуу мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды», — деп жазды Султанбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM