Биз менен байланышыңыз

«Элим барсыңбы?!» Түркиядагы жабыркагандарга 2 миллионго жакын сом которду

Кыска кабар | 3 Мар 2023 | 269 | 0

«Элим барсыңбы?!» коомдук кайрымдуулук фонду Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин расмий эсебине 1 млн 748 миң 295 сом которду. Бул тууралуу аталган фонддун жетекчилиги билдирди.

«Элим барсыңбы?!» Түркияда болуп өткөн жер титирөөлөрдөн жабыркагандарга жардам берүү максатында атайын эсеп ачкан. Ага бир катар кайрымдуу жарандар акча которушкан.

Коомдук фонд кайрымдуулук өнөктүгүнө кайдыгер карабай, көмөк көрсөткөн бардык жаранга ыраазычылык билдирип, Түркия элине көңүл айтып, сабырдуулук тилейт.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия менен Сириянын аймагында очогундагы күчү 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө болуп, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган. Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келген.

Бул боюнча мамлекет да  Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгына атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM