Биз менен байланышыңыз

Ошто 5 млн сом уурдоого шектелип, 15 жашар өспүрүмдөр кармалды

Кыска кабар | 3 Мар 2023 | 413 | 0

Ош шаарында ири суммада акча уурдаган өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Милицияга 22-январда Ош шаарынын А. Масалиев көчөсүндөгү кафелердин бирине ууру кирип, 5 млн сом уурдап кетишкени тууралуу маалымат түшкөн.

Иликтөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектелип, 2008-жылы төрөлүшкөн Д.М. жана Н.А. аттуу балдар кармалышкан. Д.М. буга чейин да 3 ирет жоопко тартылган.

Балдар уурдалган акчаны каткан жеринен алып беришкен. Бирок анын 480 миң сомун ар кандай иштерге коротуп, ар кимге таратып салышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM