Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы нааразычылык билдирген соодагерлерге жооп берди

Кыска кабар | 3 Мар 2023 | 160 | 0

Мамлекеттик салык кызматы «Дордой-Дыйкан», «Дордой-моторс», «Ош», «Азиз» базарларынын ишкерлери тарабынан көзөмөл-кассалык машиналардын, электрондук эсеп-фактуралардын, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздардын киргизилишине каршы 2-мартта уюштурулган митинг боюнча түшүндүрмө берди.

«Салык кызматынын жетекчилиги жана өкүлдөрү чогулуштун катышуучулары менен жолугушуу учурунда алардын суроолоруна жооп берүүнү, ошондой эле салык жол-жоболорун санариптештирүүнүн киргизилип жаткан компоненттеринин максаттарын жана милдеттерин кыскача түшүндүрүүнү каалашкан. ККМ, ЭТТК жана ЭЭФ динамикалык түрдө өнүгүп жаткан дүйнөнүн заманбап шарттарында зарылчылык болуп саналат.

Бирок митингчилер конструктивдүү сүйлөшүүдөн баш тартышты. Бул митингди уюштуруучулардын башкы максаты: диалог эмес, өз суроолоруна жооп алууну жана угууну каалабагандык экенин дагы бир жолу далилдеп турат.

ККМ, ЭТТК колдонууга каршы бул митинг таза жана ачык иштөөнү каалабаган ишкерлердин кызыкчылыгында уюштурулуп жатканы түшүнүктүү. Эгерде алар электрондук салык кызматтарын колдонушса, миллиондогон товар жүгүртүүсүн көрсөтүп, реалдуу экономикалык иштин негизинде салык төлөшү керек болот».

Салык кызматы митингге чыккан соодагерлер мамлекеттик саясатка каршы болуп, башка ак ниет ишкерлер сыяктуу мыйзам боюнча иштегиси келбей, тийиштүү салыктарды төлөөдөн качып жатышканын билдирди.

ККМ, ЭТТК, ЭЭФти колдонуу айрым ишкерлер салык төлөсө, калганы төлөбөй койбой, ак ниет атаандаштыктын өнүгүшү үчүн бардык ишкердин таза жана ачык-айкын иштөөсүнө багытталганын кошумчалады.

Салык кызматы митингдин катышуучуларын ККМ, ЭТТК жана ЭЭФти колдонуу зарылдыгын түшүнүүгө жана кабыл алууга чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM