Connect with us

Сузакта сабалган окуучунун өлүмү иликтенип жатат

Кыска кабар | 2 Мар 2023 | 443 | 0

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 8-класстын окуучусу катуу сабалып, каза болгонун Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

1-мартта болжол менен саат 17:00 чамасында Сузак РИИБнин 102 номерине жергиликтүү тургун иниси Сузак районунун Сафаровка айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусу Т.М. өзү окуган мектептин аймагында тааныш балдар тарабынан сабалып, Октябрь аймактык ооруканасына алып келгенде өзүнө келбей каза болгондугун билдирген.

Милиция бул маалымат боюнча текшерүүнү баштаган, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Сузак РИИБнин тергөө кызматы тарабынан «адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө 1-мартта саат 14:00 чамасында Сафаровка айылында жайгашкан эски мектептин имаратынын ичинде ушул эле мектептин 10-классынын окуучулары 2006-жылы туулган Д.М. жана Ю.Ж., 2007-жылы туулган С.А. жана А.Ө., 9-классынын окуучулары Т.М., Э.Э., И.Б., К.М. жана Ж.Т.ны ур-тепкиге алышкан.

2008-жылы туулган Т.М. оор жараат алган жана окуя болгон жерде каза болгондугу такталган.

Кылмыш иши боюнча Д.М., Ю.Ж., С.А. жана А.Ө.лар Сузак райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM