Биз менен байланышыңыз

Үч жолу жол эрежесин бузган айдоочу кайра экзамен тапшырат

Кыска кабар | 2 Мар 2023 | 291 | 1

Ушул жылдын 8-мартынан тарта бир жылдын ичинде үч жолу жол эрежесин кайталап бузган айдоочулар кайрадан экзамен тапшырууга жөнөтүлөт. Бул тууралуу маалымат жыйында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Байыш Ашырбеков билдирди.

Анын айтымында, төмөнкү жол эрежесин бузгандар кайра сынак тапшырат:

— Транспорт каражатынын мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин атайын жаап алуу жана анын бирөөсү жок башкаруу;
— Транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу боюнча талаптарын аткарбоосу;
— Транспорт каражатынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашуусу (1. 40км/сааттан көп, 60км/сааттан көп эмес. 2. 60км/сааттан ашуусу);
— Атайын жарык берүүчү жана үн чыгаруучу каражаттар менен бара жаткан кызматтык унаалардын кыймылына артыкчылык бербөө;
— Каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен озуп өтүү же болбосо маневр жасоо эрежелерин бузуусу;
— Эгерде айдоочунун аракетинде кылмыштын белгилери жок болсо, адамдын ден соолугуна зыян келтирүү менен жол эрежесин бузуусу;
— Мас абалында же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын башкарууга берүүсү.

1 пикир

1 пикир

  1. Нурсултан

    11.09.2024 16:32

    Мас абалында милицияга кармалып правамды алдырып койдум 1 жылга алып койушту эми кайрадан эгзамен тапшырып аламынбы?

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM