Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыска кабар | 2 Мар 2023 | 517 | 0

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Жер титирөө күн мурун, 1-мартта саат 17:50дө катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Аксы районунун Кызыл-Жар, Жыл-Коо айылдарында 3 баллга чейин, Аксы районунун Кум, Таш-Көмүр шаарынын Теңдик айылдарында, Шамалды-Сай шаарчасында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар катталган жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM