Connect with us

Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы билим берүүнүн сапатын арттырууга акча бөлөт

Кыска кабар | 2 Мар 2023 | 311 | 0

Дүйнөлүк банк тарабынан Кыргызстандын жогорку окуу жайларындагы билим берүүнүн сапатын арттырууга багытталган долбоор даярдалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаеванын Широ Наката баштаган Дүйнөлүк банктын билим берүү маселелери боюнча иш алып барган адистери менен жолугушуусунда айтылды.

Долбоорго 25 млн АКШ доллары бөлүнүп, университеттер аралык беш илимий борборду түзүүгө жумшалат. Илимий борборлордо мамлекетке маанилүү тармактар боюнча, анын ичинен экономикалык максаттагы долбоорлорго тиешелүү изилдөө иштери жүргүзүлүп, окуу жайлардын дүйнөлүк рейтингин жогорулатууга кызмат кылат.

Дүйнөлүк банктын билим берүү маселелери боюнча иш алып барган адиси Широ Наката демилгеленген долбоор толук кандуу ишке ашса Кыргызстандагы университеттердин рейтинги жогорулатууга жана илим ишинин алдыга жылуусуна өбөлгө түзүлөрүн белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM