Биз менен байланышыңыз

Түркиядагы Айкөл Манас айкелинин түп нускасы Таласка орнотулат

Кыска кабар | 2 Мар 2023 | 420 | 0

Талас шаарынын борбордук аянтына Айкөл Манастын айкели орнотулат. Бул тууралуу Президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Учурда алты метр айкелдин постаментин даярдоо иштери жүрүп жатат. Ачылыш салтанаты 21-март Нооруз майрамына белгиленген.

Айта кетсек, ишкер Темирлан Сарлыкбек уулунун каржылык колдоосу менен КР эл сүрөтчүсү, айкелчи Садабек Ажиев жана айкелчи Токталы Мурзакаримов чеккен айкелдин көчүрмөсү 2017-жылы Стамбул шаарынын Халич аймагына орнотулуп, ошол жылдын 9-августунда өткөн ачылыш салтанатына Кыргызстандын ошол кездеги президенти Сооронбай Жээнбеков да катышкан. Ушул эле эмгектин дагы бир үлгүсү Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата 2021-жылы Анкара шаарынын Кечиөрен аймагына да коюлган.

Президенттин Талас облусундагы өкүлү Бакытбек Нарбеков менен Темирлан Сарлыкбек уулунун сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында ишкер жалпы эмгеги 8 млн 700 миң сомду түзгөн айкелдин түп нускасын белекке берген. Ал эми аны алып келүү, постамент даярдоо, орнотуу иштерине «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду 1 млн 160 миң сом бөлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM