Бүгүн, 1-мартта өткөн маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров калаадагы төрт тилкелүү жолдун курулушу тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, Бишкектеги төрт тилкелүү жол Кытайдын 34 млн доллар грантынын эсебинен ишке ашырылат. Айланма жолдор төмөнкү көчөлөрдүн кесилишинде жайгашат:
• Жаш Гвардия менен Лев Толстой көчөсү;
• Чапаев менен Лев Толстой көчөсү;
• Максим Горький менен Анкара көчөсү;
• Төрөкул Айтматов менен Акматбек Сүйүнбаев көчөсү.
«Кытайдын адистери январь айында келип, долбоорлор менен таанышып кетти. Тендер өткөнү турат. Эми курулуш бир күндө бүтпөйт. Ал жердеги май куюучу жай жана соода түйүндөр алынат. Ал жумуштарды жүргүзүп жатабыз. 2023-жылы төрт жолдун курулушу башталат, анын экөө бүтүп калса жакшы болот», — деди ал.