Биз менен байланышыңыз

Пенсиялык топтоолорду төлөө эрежелери өзгөрдү

Кыска кабар | 1 Мар 2023 | 130 | 0

Кыргызстандын Социалдык фонду Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунан пенсиялык топтоолорду төлөө эрежелери өзгөрүлгөндүгүн билдирди.

Фонддон белгилешкендей, жаңы эрежелер жарандарга пенсиялык топтомо каражаттарын ипотекалык насыясын төлөөгө же «Мамлекеттик ипотекалык кампания» ААК тарабынан каржылануучу мамлекеттик турак жай программасы боюнча кийин сатып алуу менен турак жайды ижарага алуу келишими боюнча төлөмдөргө тийиштүү.

Бул укук төлөмдөрдүн жалпы суммасы насыя боюнча карыздын калдыгынан ашпаган жана беш жүз эсептелген көрсөткүчтөн (50 миң сом) кем болбогон шартта ипотекалык насыя алып жаткан же ипотекалык насыясы бар жубайларга да тиешелүү.

Мындан тышкары бул укук тиешелүү тизмеде саналган оор оорулардан жапа чеккен жарандардын балдарына, ата-энелерине жана жубайларына да берилет.

Ошондой эле ыйгарым укуктуу органдар менен коммерциялык банктар эми электрондук түрдө кызматташып, тастыктоочу иш кагаздардын санын кыскартып, иш кагаздарды кароо процедурасын жөнөкөйлөштүрө алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM