Биз менен байланышыңыз

«Убада бере албайм». Иманалиевдин мектептеги акча чогултууга пикири

Кыска кабар | 1 Мар 2023 | 811 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров билим берүү жана илим министри кызматына талапкер Каныбек Иманалиев мектептерде ата-энелерден акча чогултууну кантип токтоторуна кызыкты.

Ал мындай убаданы 31 жылда 20 министр берип келгенин айтты.

«Сиз 31 жылдын ичинде 20-министр экенсиз, 28 жылдын ичинде 15 билим берүү министри болуптур, соңку эки жыл төрт айдын ичинде бешинчи министр экенсиз. Ошол 20 министрдин баарына президент мектептерде ата-энелерден акча чогултууну бүгүн токтотууну тапшырган экен. Кечээ сиз дагы акча чогултуу токтойт дедиңиз, кантип, айтыңызчы?» — деп сурады Мадумаров.

Каныбек Иманалиев беренелерде каралбаган бюджеттер бар экенин, аны мектептин директору чече албай турганын айтты. Ошол үчүн ата-эне ыктыярдуу түрдө акча берсе болорун кошумчалады.

«Мектептерге чарбалык инвентарь алууга бир жылга орточо 50 миң сом кетет экен. Шарты катаал Баткен, Нарын сыяктуу аймактардын элин, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү бул акчаны төлөөдөн бошотолу деп жатабыз. Алардын акчасын президент өзүнүн фондунан берем деди. Экинчи багытта статьяда каралбаган жагдайлар бар: кароолчуга төлөө керек; мектепке жаңы доска, парта сыяктууларды алабыз деп жатышат; «башталгыч класстын окуучулары сапаттуу тамак ичсин, кошумча берели» дегендер бар; аларга «ушул суммадан ашырбайсыңар» деген квотаны коюп, аны айылдын ассоциациялары, айылдык кеңештин депутаттары, мугалимдер чогуу көзөмөлдөсө. Бул төлөм ыктыярдуу болот», — деди Каныбек Иманалиев.

Мадумаров мектептерде акча топтоону мыйзам менен толук тыюуну сунуштады.

«Биз азыр мугалимдердин саясий кампанияларга катышуусуна мыйзам менен тыюу салдык. Ушул сыяктуу ата-энелерден ар кандай шылтоо менне акча жыйноону мыйзам менен токтотуу керек. Өз ыктыяры менен берет дейсиңер, бербесе баласын же кызын класстын алдында уят кыласыңар, анан бала ата-энесин кыйнайт, мен жалгыз төлөбөй калдым деп. Ушуну тыюу керек», — деди Мадумаров.

Каныбек Иманалиев эгер каржы булагы жок болсо, убада бере албай турганын айтты.

«Каражат маселеси чечилсе, чек арага жакын жайгашкан аймактардагы мектептерде жана муктаж үй-бүлөлөрдөн акча чогултуу таптакыр тыйылат. Башкасына финансылык булагы жок болсо, мен убада бере албайм» , — деди Каныбек Иманалиев.

Президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевге «ата-энелерден мектепти оңдоп-түзөөгө жана класска керектүү нерселерди сатып алууга акча чогултулбасын» деген талап койгон. Жапаров мындай керектөөлөр мамлекеттик бюджеттен каржыланарын айткан.

Билим берүү жана илим министрлиги атайын долбоор иштелип чыгарын, анын негизинде кайсы мектепке канча каражат керектелери иликтенерин билдирген.

Мектептерде ата-энелерден акча чогултуу качан токтойт?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM