Биз менен байланышыңыз

Парламенттин 77 депутаты Каныбек Иманалиевдин талапкерлигин колдоду

Кыска кабар | 1 Мар 2023 | 220 | 0

Жогорку Кеңештин 1-марттагы жыйынында билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна сунушталган Каныбек Иманалиевдин талапкерлиги талкууланды. Аны 24-февралда президент билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу кылып дайындаган.

Иманалиевдин талапкерлигин Жогорку Кеңештин социалдык маселелер боюнча комитети колдогон.

Бүгүнкү талкуудан кийин парламенттин 77 депутаты Каныбек Иманалиевдин билим берүү министри кызматына талапкерлигин колдоду, каршы болгондор жок.

Жазуучу, журналист, саясатчы Каныбек Иманалиев 54 жашта. Ал 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин, 1998-жылы Орусия мамлекеттик кызмат академиясын саясат таануу адистигинде аяктаган.

2002-жылы Орусия мамлекеттик кызмат академиясында кандидаттык диссертациясын, 2010-жылы Орусия Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академияда докторлук диссертациясын жактаган.

1992-1994-жылдары «Асаба» гезитинде кабарчы, 1996-1999-жылдары Президенттин басма сөз катчысы, 1999-2004-жылдары «Учкун» акционердик коомунун директору сыяктуу кызматтарды аркалаган. 2000-жылдан бери Жогорку Кеңештин төрт чакырылышына депутат болгон.

Copyright © 2017 Maral FM