Биз менен байланышыңыз

Жайыттарды мыйзамсыз саткан депутаттар камакка алынды

Кыска кабар | 1 Мар 2023 | 333 | 1

Жалал-Абад облусунда жайыттарды турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берип, акча жасап келген факты аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен козголгон иштин алкагында жер тилкелерин мыйзамсыз саткан Ноокен айылдык кеңешинин депутаттары Б.Г.А. жана О.Э.К. жер алган адамга акчасынын жарымын берип жаткан учурда кармалган. Анын негизинде Ноокен айыл өкмөтүнүн кеңсесине тинтүү жүргүзгөндө 300дөн ашык жасалма токтом табылган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кылмышка шектүүлөр Ноокен айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери менен тымызын сүйлөшүп алышып, жайыт жерлерди жасалма документтердин негизинде турак жай куруу үчүн 100 миң сомдон 180 миң сомго чейин сатып турушкан.

Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды да аныктоо, мамлекет тарткан зыянды эсептөө, тергөө, суракка алуу иштери жүрүп жатканы кабарланды.

1 пикир

1 пикир

  1. РАХИМ

    02.03.2023 18:02

    АССАЛОМ АЛЛЕЙКУМ ЖАЙЛООДОГУ ЖАЙЫТТАРГА ТУУРА ПАЙДАЛАНСА КОЙ КОРООНУ ЖЕР КАСЫЛЫП КОН БОЛГУЧА, ЖЕЛЕГЕ КУЛУНДАР ТАКЫР БОЛУП УШУНДАН 3 , 4 ЖЫЛГА ЧЕЙИН ЖЕРГЕ ЧОП ЧЫКБАЙТ КАЛАТ УШУНУ КОЗОМОЛДУ КУЧОТУУ КЕРЕК .

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM