Биз менен байланышыңыз

Орусиядан келген өрт өчүрүүчү унаалар ӨКМге тапшырылды (сүрөт)

Кыска кабар | 1 Мар 2023 | 264 | 0

Бүгүн, 1-мартта Бишкек шаарынын эски аянтында Орусия мамлекетинен Кыргызстанга гуманитардык жардам катары келген өрт өчүрүүчү унааларды тапшыруу салтанаты өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Тапшыруу салтанатына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министри Александр Куренков катышты.

Айта кетсек, бул 40 өрт өчүрүүчү унааны алуу Кыргызстан менен Орусиянын мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке ашырылган.

Орусиянын «КамАЗ» заводунан чыгарылган бул өрт өчүрүүчү унаанын цистернасында 6 миң литр суу, 360 литр көбүк иштейт, насосу секундасына 40 литр суу чачат. Унаа ар кандай көлөмдөгү 18 өрт түтүгү, андан тышкары гидрант, гидроэлеватор жана башка шаймандар, ар кандай узундуктагы 3 шаты менен жабдылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM