Жогорку Кеңештин бүгүн, 1-марттагы жалпы жыйынында депутат Тазабек Икрамов мамлекет башчысынын кортежин сынга алды.
Ал кортеждин айынан тыгын жаралып жатканын, жумушка келерде же жумуштан кайтарда Манас, Чыңгыз Айтматов проспектисинде жүрүү мүмкүн болбой калганын айтты.
«Кортеждер эл жумушка келгенче чейин же кечки саат 8ден кийин өтсө… Үстүдөгү адамдарыбыз жолду МАИ кызматкерлери менен тоспой, ушул маселени чечип бербейлиби. Жумуштан кийин Манас, Чыңгыз Айтматов проспектиси менен жүрүү болбой калды», — деди Икрамов.
Депутат бул маселени жолго салууну карап чыгуу боюнча Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмазбек Абытовго кайрылуу жасады.