Биз менен байланышыңыз

Орусия Кыргызстанга 40 өрт өчүрүүчү автоунаа берди

Кыска кабар | 1 Мар 2023 | 273 | 0

Орусиядан гуманитардык жардам иретинде өлкөгө 40 өрт өчүрүүчү автоунаа келди. Бул тууралуу 28-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

«Гранттык негизде өлкөгө алып келинген техникалар боюнча президенттер Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин буга чейин өткөн эки тараптуу жолугушуусунда макулдашылган», — деп айтылат маалыматта.

1-мартта Бишкектин эски аянтында техниканы салтанаттуу түрдө тапшыруу аземи өтөт.

Маалыматка караганда, өрт өчүрүүчү унаалар өлкө президенттеринин буга чейинки макулдашуусунун негизинде грант катары берилди.

1-февралда президент Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Кытайдан грантка келген 100 даана техниканы тапшырган. Алардын 85и өрт өчүрүүчү автоунаа болгон.

Copyright © 2017 Maral FM