Бүгүн, 28-февралда «Билимдүү Кыргызстан» улуттук демилгеси түзүлдү. Анын алгачкы жолугушуусуна президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев, билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин азыркы жана мурдагы депутаттары, коомдук, мамлекеттик ишмерлер, илимпоздор, билим берүү тармагы боюнча адистер, көрүнүктүү ишкерлер катышууда.
Бул кыймылдын төрагасы: Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахап Нурбаев.
Биригүүдөгү башкы максат Кыргызстандагы ар бир жаранга сапаттуу билим берүүнү жеткиликтүү кылуу болуп саналат.
Улуттук форумда билим берүү тармагын кантип реформалоо жана аны жеткиликтүү кылуу жөнүндө ойлор айтылууда.