Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Эр Төштүк» энциклопедиясынын бет ачары өттү

Кыска кабар | 28 Фев 2023 | 302 | 0

Бүгүн, 28-февралда «Манас» улуттук академиясында «Эр Төштүк» эниклопедиясынын бет ачар аземи болду. Бул тууралуу улуттук академиядан билдиришти.

Иш-чарага Президенттин администрациясынын Изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн эксперти Замир Турсунбеков, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Доган, Орусиянын Кыргызстандагы билим жана илим тармагы боюнча өкүлү Роберт Федоров, Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин биринчи катчысы Казыбек Жусипахметов жана «Эр Төштүк»энциклопедиясынын түзүүчүлөрү жана маданият ишмерлери катышты.

Энциклопедияга «Эр Төштүк» эпикалык эпосунан 1000ден ашуун түшүнүк киргизилген. Эпостун контексти аркылуу кыргыз элинин дүйнө таанымы, тарыхы, дүйнөгө көз карашы, психологиясы, жашоо образы иликтөөгө алынган.

Бул жыйнак кенже эпостордун кыргыз фольклор таануу илиминин тарыхындагы алгачкы көлөмдүү басылмасы жана тажрыйбасы болуп эсептелет.

Эмгек түрлүү курактагы окурмандардын бардык чөйрөсүнө арналган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM