Биз менен байланышыңыз

Кемпир-Абад иши: Эрлан Бекчоро уулу Жогорку соттун төрагасына кайрылды

Кыска кабар | 28 Фев 2023 | 288 | 0

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган жарандык активист Эрлан Бекчоро уулу Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбаевге кайрылды.

Ал Базарбаевди сот отурумуна катышып, соттор тарабынан кандай мыйзам бузуулар болуп жатканын көрүүгө чакырды.

«Буга чейин 5 жолу соттук отурумда тергөө кызматкерлери тарабынан одоно мыйзам бузуулар болуп жатканын жактоочулар аркылуу өтүнүч келтирилген, натыйжа жок. Сиздин ишеним арткан шаардык, райондук соттогу кадрларыңыз биздин мыйзамдуу үнүбүздү уккан жок. Сиз Жогорку Кеңештин отурумунда соттор көз каранды болуп жатканын, алыңыз жетпей жатканын мойнуңузга алдыңыз эле. Келиңиз, биз сизге жардам берели. Сизди биздин бөгөт чарабызды караган шаардык сотко чакырабыз. Ошол жерден сиздин кадрлар сизди сыйлабастыгын «реформа кылам» деген мээнетиңиз кандай тебеленип жатканын көрөсүз жана соттор алдында кадырыңыз канча экени даана билинет. Сиз үмүт арткан соттор мыйзамдарды, сизди сыйлабаса сиздин бул жогорку кызматта турганыңыз канчалык туура? Кемпир-Абадды коргоп камалган саясий туткундар бул соттук отурумдар аркылуу президенттин, сиздин «сот системасына реформа кылам» деген ниетиңер жалган же чын экенин айгиленеп беребиз. Келиңиз, биздин сотко катышып өз ишиңизге өзүңүз баа берип кетиңиз» , — деп айтылат кайрылууда.

Саясатчы, активист жана блогерлер Кемпир-Абад иши боюнча былтыр 23-октябрда кармалган. Аларга ички иштер министрлиги «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып койгон. Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитет 22-октябрда түзүлгөн.

Кийин бул ишке «жашыруун» деген гриф коюлган, ИИМ тергөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат бере элек.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын бөгөт чарасын карап, 20-апрелге чейин камакта калтырган.

Copyright © 2017 Maral FM