Биз менен байланышыңыз

Улуттук банкта 46,7 тонна алтын бар экени тастыкталды

Кыска кабар | 28 Фев 2023 | 398 | 0

2023-жылдын 25-февралына карата Улуттук банктын карамагында 46,7 тонна алтын бар. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөрдөн эки жылда 45 тонна алтын, 8 тонна күмүш чогулганын билдирген.

Карабаева маалымдагандай, банкта алтындын эки түрү бар: алтын-валюта резервинде 16 тонна (1-февралга карата 87,3 млрд сомго барабар) жана 138,5 млрд сомго барабар болгон алтындын кору.

«Акыркы жылдары Улуттук банк запастагы алтындын көлөмүн көбөйтүү саясатын жүргүзүп келет. Жогоруда айткан алтын улуттук банкка тиешелүү», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM