Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги унаа коюучу жайларда онлайн төлөм кабыл алына башталды

Кыска кабар | 28 Фев 2023 | 282 | 0

Бишкектеги муниципалдык унаа токтотуучу жайларда онлайн төлөм кабыл алына баштады. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

«Бишкек токтотмолору жана унаа туруктары» муниципалдык ишканасы «О!Акча» каржы кызматы менен биргеликте мобилдик капчыктардан жана банктык тиркемелерден төлөмдөрдү кабыл алуу кызматтарын ишке киргизди.

Бүгүнкү күндө системага Бишкек шаарындагы 12 муниципалдык унаа токтотуучу жай кирген:

— Шопоков көчөсү Москва көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин;

— Шопоков көчөсү Токтогул көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейин;

— Шопоков көчөсү Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;

— Шопоков көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин;

— Бөкөнбаев көчөсү Абдырахманов көчөсүнөн Үсөнбаев көчөсүнө чейин;

— «Комфорт» соода борбору, Ибраимов көчөсү менен Москва көчөсүнүн кесилишинде (батыш тарабы);

— «Комфорт» соода борбору (чыгыш тарабы);

— Кулатов көчөсү Сүйүмбаев көчөсүнөн Матросов көчөсүнө чейин;

— Кулатов көчөсү менен Матросов көчөсүнө чейин;

— Матросов көчөсү менен Кулатов көчөсү;

-«МОТО» соода борбору, Токтогул -Абдрахманов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейин;

— Исанов көчөсү Киев көчөсүнөн Сыдыков көчөсүнө чейин;

— Киев көчөсү Манас проспектисинен Керимбеков көчөсүнө чейин;

— Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок-Молдо көчөсүнө чейин («Кербен» соода борбору);

— «Таатан» соода борбору Лермонтов көчөсү менен Көлбаев көчөсүнөн Сокулук көчөсүнө чейин;

— «Мадина» базары 7-Апрель көчөсүнөн Менделеев көчөсүнө чейин.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM