Биз менен байланышыңыз

ЖК комитети Каныбек Иманалиевдин талапкерлигин колдоду

Кыска кабар | 27 Фев 2023 | 312 | 0

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 27-февралдагы жыйынында билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна сунушталган Каныбек Иманалиевдин талапкерлиги жактырылды.

Каныбек Иманалиев 24-февралда президенттин жарлыгы менен билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп  дайындалган.

Анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке сунушталган. Эми парламенттин жалпы жыйынында талкууланат.

Жазуучу, журналист, саясатчы Каныбек Иманалиев 54 жашта. Ал 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин, 1998-жылы Орусия мамлекеттик кызмат академиясын саясат таануу адистигинде аяктаган.

2002-жылы Орусия мамлекеттик кызмат академиясында кандидаттык диссертациясын, 2010-жылы Орусия Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академияда докторлук диссертациясын жактаган.

1992-1994-жылдары «Асаба» гезитинде кабарчы, 1996-1999-жылдары Президенттин басма сөз катчысы, 1999-2004-жылдары «Учкун» акционердик коомунун директору сыяктуу кызматтарды аркалаган. 2000-жылдан бери Жогорку Кеңештин төрт чакырылышына депутат болгон.

Copyright © 2017 Maral FM