Connect with us

Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 44 миңден ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Фев 2023 | 453 | 0

Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 44 миң 370 адамга жетти. Бул тууралуу Түркиянын Өзгөчө кырдаалдарды жоюу башкармалыгынын башчысы Юнус Сезер билдиргенин «Анадолу» маалымат агенттиги жазды.

«Издөө-куткаруу иштери аяктап, куткаруучулар кыйраган 21 миң имаратты тазалоого өтүштү», — деген Сезер.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия менен Сириянын аймагында очогундагы күчү 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө болуп, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган. Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келди.

Ал эми Сирияда Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинциялары жабыркаган.

Ошондой эле 20-февралда Түркиянын Хатай провинциясынын Сирия менен жектешкен аймагында жер титирөө болгон.

Кыргызстандан боордош түрк элине жардам көрсөтүү үчүн жалпысынан 182 куткаруучу, анын ичинен 12 фельдшер, алты дарыгер, жер-жерлерде жардам көрсөтүү үчүн көчмө оорукана, ошондой эле атайын үйрөтүлгөн иттер менен алты кинолог жөнөтүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM