Биз менен байланышыңыз

Сурабалдиева: Спикер Ташиевден трибунада кечирим сурашым керектигин айтты

Кыска кабар | 27 Фев 2023 | 920 | 0

«Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевден трибунада кечирим сурашым керектигин айтты». Бул тууралуу депутат Элвира Сурабалдиева журналист Майраш Базлакунованын жеке каналына берген маегинде ачыктады.

«Парламенттин төрагасы мени чакыртып, «УКМКнын жетекчисинен трибунада кечирим сураңыз», — деди. Анан мен ойлодум, үйгө келдим, апам менен, туугандарым менен жолуктум. Мен парламентке аткаруу бийлигинде иштегендерден кечирим суроо үчүн барган эмесмин да. Эл мени «Канчалык намыстуу, кайраттуусуң, акыйкат үчүн туруп бересиңби?» — деп шайлаган. Шайлоо учурунда элге акча берген болсом, парламентке келип, бизнесим үчүн коркуп, унчукпай отурмакмын да. Бирок менин бизнесим бар экенин элдин баары билет. Мен эмнеге кечирим сурашым керек? Трибунага чыгып алып кечирим сурасам, эл муну мажбурланган аракет деп ойлоп калмак», — деди депутат.

Жогорку Кеңештин былтыр 24-ноябрдагы жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара келишимине каршы добуш берген депутаттарга коркутуу болуп жатканын айткан. Ал спикер Нурланбек Шакиевге кайрылып, депутаттарды коргой албай жатканын сындаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Элвира Сурабалдиеванын жакындарына таандык «Кудайберген» базары мамлекетке көп суммадагы салык төлөбөй койгонун айткан.

«Кудайберген» деген базарда 3 миңден ашык контейнер бар. Базарда контейнерлердин ар бирине 2-3 миңден жыйнадык деп отчет беришкен. Бирок эң аз дегенде 7-15 миң сомдон жыйнашат. Салык кызматы эсептеп чыкканда “Кудайберген” базары 70 миллион сомдой акча төлөбөй койгону аныкталган» , — деп билдирген Камчыбек Ташиев.

Жогорку Кеңештин 17-ноябрдагы жыйынында «Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору дароо үч окууда каралып, кабыл алынган. Келишимге 19 депутат каршы добуш берген. Алардын бири Элвира Сурабалдиева.

Депутат маегинде мындай нерсе бардык бийликтин тушунда болуп келгенин айтты. Атамбаевдин учурунда Илмиянов, Фарид Ниязовдор болсо, Жээнбековдун тушунда иниси, жанындагылары болгонун мисал келтирди.

«Ар бир белгилүү саясатчынын, алдуу-күчтүү мырзаларыбыздын колунда троллдордун армиясы бар. Бирок колунда бийлик турган адам каалагандай калчап, акты кара, караны ак кылып койгонго күчү жетет экен. Таза иштегенди да каралайт экен. Мен «Кудайберген» базарынын салыктарды төлөгөнүн далилдеп, элге көрсөтүп, ишендирип отурган жокмун. Бирок укук коргоо органдарына кайрылгам. Убакыт өтөт, тарых баарын таразалайт, ким мамлекеттин аркасынан байып, тоноп жатат, ким таза иштеп жатат, аны эл деле байкайт бир күнү», — деди депутат.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын тарыхый чечими

Депутат Сурабалдиева парламенттин эркиндиги жөнүндө сөз кылып жатып, Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылышында деле көпчүлүк депутаттарга мыйзам долбоорлору президенттик администрациядан алып келинип жүргөнүн, азыр да келип жатканын кошумчалады. Депутаттар менен өз ара макулдашуу процесси мурдагыдай эле болууда.

Депутат ошондой эле Министрлер кабинетинин ишине баа берип, кадр саясатында туруктуулук болбой жатканын айтты. Туруктуулуктун жоктугу, жетекчилердин улам алмашуусу көп нерсеге таасир этет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM