Бүгүн, 17-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Бишкек шаарында 2022-жылдын 3-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» жана «2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кемпирабад (Анжиан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамдардын долбоору талкууланууда.
Жыйынга президент Садыр Жапаров, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана башка тиешелүү органдардын өкүлдөрүнүн катышты.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы маалымат берип, Кыргызстан менен Өзбекстандын Өкмөттөр аралык комиссияларынын ишинин жетишилген жыйынтыктарына токтолду.
Камчыбек Ташиев белгилегендей, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Кемпир-Абад суу сактагычы турган 4485 гектар жер Өзбекстанга берилип, анын эсебинен төмөнкү жерлер кыргызстанга өткөн:
Көк-Серек 105 гектар,
Баястан 212 гектар,
Унгар-Тоо 35 гектар,
Кара-Белес 25 гектар,
Ак-Таш 100 гектар (Кара-Суу району),
Өзгөн жана Сузак райондорунда 1000 гектар.
Ал эми Өзбекстан мурдагы келишимди аткарбагандыгы үчүн, тактап айтканда Сол жээк каналын курбаганы үчүн Гавасайдан 12 849 гектар жерди компенсация катары берген.
14-ноябрда Өзбекстан парламентинин мыйзам чыгаруу палатасында өкмөт башчы Абдулла Арипов Өзбекстан тараптан берилип жаткан жердин баары суу сактагыч боюнча аткарылбай калган келишимдер үчүн компенсация экендигин, аны акча түрүндө төлөп берүү Өзбекстан үчүн кыйын болгон сумма экендигин айткан.
Жогорку Кеңештин кыргыз-өзбек чек ара маселеси каралып жаткан жыйында президент Садыр Жапаров келечекте 1 сотых жер үчүн кан төгүлүшү мүмкүн экендигин айтты. Ал, жыйында, депутаттарга кайрылып, эки өлкөнүн чек ара боюнча макулдашуусу Кыргызстан үчүн ийгиликтүү болуп жатканын белгиледи.
«Бул маселени кийинкиге жылдырып койбойсуңарбы деп сунуштагандар болду. Андай болбойт. Азыр чечпесек, кийин мындай ийгиликтүү чечимге жетиш биз үчүн өтө оорго турат. Мындай ийгиликтүү жеңишке жете албай калыбышыбыз мүмкүн. Күндөн-күнгө, жылдан-жылга коңшу элдердин саны өсүп жатат. Жерлер тарып бара жатат. Кийин чечебиз деп калтырып койсок, 19 миң гектар жер эмес, 1 сотых жер үчүн кан төгүлөт. Буга чейин 30 жыл ичинде канча жарандарыбыз, аскерлерибиз чек ара чырынан өлүп кетти«.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Адахан Мадумаров кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамдарды караганда Конституциялык соттун корутундусу сөзсүз керектигин айтты.
Ал парламент азыр бул маселени талкуулап жатканы мыйзамсыз экенин дагы кайталады.
«Жогорку Кеңештин регламентинин 65-беренесинин төртүнчү пунктунда, так, даана, кескин түрдө жазылып турат. Эл аралык келишимдин конституциялуулугу жөнүндө Конституциялык соттун корутундусу сөзсүз керек. Биз эл аралык келишимди карап жатабыз, чек ара маселесине байланыштуу эл аралык келишимди күндө эле карап жаткан жокпуз. Азыр эч кандай корутундусуз карап жатканыбыз — мыйзамсыз. Бул заман өтөт, башка бийлик келет, ошондо биздин айткандарыбыз миң пайыз чындык экени билинет. Бул — «колу-бутту бурап, тиешелүү чечимди кабыл алдырыш деп эсептелинет«.
Юстиция министри Аяз Баетов депутаттын суроосуна жооп берип жатып, ар бир мыйзам долбоору боюнча эле Конституциялык соттун корутундусу керек эмес экенин айтты.
«Ай сайын канчалаган эл аралык келишимдерди ратификациядан өткөрөсүңөр, ар бир мыйзам келгенде Конституциялык сот корутунду бербейт. Алардын мыйзамы боюнча, корутунду кайрылуу болгон учурда гана берилет деп айтылат».
Бул боюнча юрист Таттыбүбү Эргешбаева дагы өзүнүн пикирин социалдык тармакка жазды. Анын айтымында, мыйзам боюнча Мамлекеттик чек араларды өзгөртүү жөнүндө эл аралык келишимди ратификациялоо үчүн Конституциялык соттун корутундусун Жогорку Кеңешке киргизүү милдеттүү болуп саналат. Бул эски регламенттин 68-берененин 3-пункту жана жаңы регламент боюнча 65-беренеде так көрсөтүлгөн. Конституциялык соттун корутундусу жок бул келишимди ратификациялоо боюнча добуш берүү ЖКнын Регламентине ылайык кийинкиге калтырылууга тийиш.
Жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиев кайым айтыша кетти. Өмүрбек Бакиров 10 гектар жөн жерге караганда, 1 гектар суулуу жер өлкө үчүн маанилүү экенин айтты.
Камчыбек Ташиев өз кезегинде «өткөндө дагы ушул суроону бергенсиз, мен сизге айткам, жазып жибериңиз, жооп берем деп. Өзүңүз жазбай, сөз менен сүйлөп коюп атасыз», деди. Ал эми депутат айткан сөзү документ катары кетерин белгилегенде, Ташиев «сиздин айткан сөзүңүздү аткара тургандай, сиз ким экенсиз?», деди. Бакиров Ташиевге «мен депутатмын» деп жооп кайтарды.
Андан соң, депутат Фархад Исмаилов УКМКнын башчысына болушуп, Өмүрбек Бакиров экөө мушташа кете жаздап, депутаттар арачы болуп, экөөсүн эки жакка ажыратып кетишти.
Жыйында ар түрдүү талашып тартышуулар болду. Талкуудан соң депутат Адахан Мадумаров фракциянын 10 мүнөттүк мөөнөтүн сурады. Бирок анын бир канча жолку сурануусуна, сүйлөө укугун колдонуу өтүнүчүнө карабай ага уруксат берилген жок.
Жыйынтыгында Парламент кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу жана Кемпир-Абаддын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорлорун үч окууда жактырды. Жыйында аталган мыйзам долбоорлору 64 депутат «макул», 18 эл өкүлү «каршы» деп добуш берди.
Эми аталган документтер президенттин кол коюусуна жиберилет.
Аягында Садыр Жапаров документти колдоп берген депутаттарга ыраазычылык билдирүү менен Тажикстан менен чек ара көйгөйүн жаңы жылга чейин бүтүрүп, парламентке алып келүү пландалып жатканын айтты. Жапаров чек ара маселеси такталып бүткөндөн кийин карта кеңейип жатканын, эми Тажикстан менен соңуна чыгаргандан кийин чыныгы бүтүн, коопсуз Кыргызстан болорун кошумчалады.
«Бул тарыхый ирмем. Өзбекстан менен чек ара маселесине чекит койдук. Кудай буюрса, Тажикстан менен чек ара тилкелерибизди бүтүрөбүз, тоскоолдуктар болбосо жаңы жылга чейин бүтүрүп сиздерге алып келебиз деп жатабыз. Биз коңшу өлкөлөр менен ынтымакта, түбөлүк достукта жашашыбыз керек, бир дагы ок атылбай, бир дагы жоокерибиз, бир дагы жараныбыз өлбөшү керек».
Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзам долбоорду кабыл алууга каршы добуш берген депутаттарды белгилей кетсек, алар:Чыңгыз Айдарбеков, Жанарбек Акаев, Нилуфар Алимжанова, Сеид Атамбаев, Өмүрбек Бакиров, Дастан Бекешев, Султанбай Айжигитов, Эмил Жамгырчиев, Тазабек Икрамов, Азамат Исираилов, Нуржигит Кадырбеков, Эрулан Көкүлов, Адахан Мадумаров, Талант Мамытов, Исхак Масалиев, Жалолидин Нурбаев, Мирлан Самыйкожо, Элвира Сурабалдиева, Эмил Токтошев.