Биз менен байланышыңыз

Чек арачы белгисиз заттын жарылуусунан жараат алды

Кыска кабар | 26 Фев 2023 | 502 | 0

УКМКнын Чек ара кызматынын жоокери белгисиз заттын жарылуусунан жаракат алды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 25-февралда №2021 аскердик бөлүктөгү унааларды техникалык кароодон өткөрүү пунктунда мештен өрт чыгып, белгисиз заттын жарылуусу болуп, анын кесепетинен 2003-жылы туулган аскер М.А. жараат алган.

Аскер кызматкери Раззаков шаарындагы аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда ал дарыгерлердин көзөмөлүндө. Жоокердин абалы орто деп бааланууда.

Бул факты боюнча бардык тиешелүү органдарга маалымат берилип, окуя боюнча иликтөө иштери башталды.

Copyright © 2017 Maral FM