Биз менен байланышыңыз

Президент генералдык наамдарды тапшырды

Кыска кабар | 26 Фев 2023 | 471 | 0

Президент Садыр Жапаров 25-февралда укук коргоо, бажы жана көзөмөлдөө органдарынын жетекчилерине жогорку наамдарды тапшырды. Ал генералдардан коррупцияга малынбай, мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн жазалана турганын эске тутуп, мамлекеттик коопсуздуктун кызыкчылыгы үчүн берилгендик менен ак ниет кызмат кылуусун талап кылды.

Садыр Жапаров өлкө жетекчилиги мамлекеттик түзүмдөрдүн бардык кызматкерлерин материалдык жана социалдык шарттар менен толук камсыздоону улантарын белгиледи.

Эске салсак, буга чейин мамлекет башчынын жарлыктары менен укук коргоо, бажы жана көзөмөлдөө органдарынын төмөнкү кызматкерлерине генералдык наамдар берилген:

Башкы прокурорунун орун басары Сагындык Мукашовго «юстициянын генерал-майору» аскердик наамы;

Башкы прокурорунун орун басары Кубан Адыл уулуна «юстициянын генерал-майору» атайын наамы;

Баткен облусунун ИИБ башчысы Мурат Бороновго «милициянын генерал-майору» наамы;

ИИМ Академиясынын башчысы Тариель Абитовго «милициянын генерал-майору» наамы;

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабековго «бажы кызматынын генерал-майору» наамы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM