Connect with us

Бүгүн XIV кайрымдуулук фестивалы өттү

Коом | 25 Фев 2023 | 358 | 0

Бүгүн, 25-февралда «Mounty Норус» лыжа базасында «Кыргызстан – кышкы эс алуунун жана тоо лыжа туризминин өлкөсү – 2023» XIV кайрымдуулук фестивалы өттү.

Жыл сайын уюштурулуп келген фестивалдын негизги максаты Кыргызстанды кышкы спорттун, туризмдин, эс алуунун өлкөсү катары таанытуу болуп саналат.

Иш-чарада лыжа тебүү боюнча ар кандай мелдештер өткөрүлүп, концерттик программа менен коштолду.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Самат Шатманов туризм тармагында бир катар өзгөрүүлөр болуп жаткандыгын белгилеп, өлкөгө келген туристтердин саны көбөйүп жатканын айтты.

«Быйыл 50дөн ашык лыжа жана сноуборд тебүү боюнча машыктыруучуларды долбоордун негизинде үйрөтүп, окутуучулук процесстин үстүндө иштеп жатабыз. Кыргызстан лыжа тебүүгө мүмкүндүк берген кооз жана уникалдуу өлкө. Бүгүнкү күндө мамлекет тараптан жана туризм тармагында жүргөн адистер менен биргеликте аткарылган иш-аракеттердин жакшы жыйынтыгын көрүп жатабыз. Акыркы жылдары лыжа тебүүгө кызыккандардын саны арбыды»— деди ал.

Кайрымдуулук фестивалга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов да катышты. Ал бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан туризм тармагын, анын ичинде кышкы туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтып, бардык жарандарды кышкы туристтик спорттун түрү менен алектенүүгө чакырды.

Иш-чара Туризм департаменти, Норус лыжа базасы, JIA Бизнес ассоциациясы, JICA бүтүрүүчүлөр ассоциациясы, Эл аралык ишкерлер кеӊеши, Кыргызстандын жөө жүрүүчүлөр туристтик бирикмеси, «Элим барсыңбы?» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулду.

Фестиваль 25-февралда саат 11:00дө башталып, кирүү акысыз болду.

Ал эми андан түшкөн каражат кайрымдуулук иштерине жумшалат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM