Биз менен байланышыңыз

Нурбаев: Иманалиев чиновниктердин кол алдына түшпөй, реформага ачык болушу керек

Кыска кабар | 24 Фев 2023 | 549 | 0

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкты президент Садыр Жапаров чыгарды.

Дагы бир жарлыкка ылайык, Уланбек Мамбетакунов билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду.

Уланбек Мамбетакунов өткөн жылы октябрда министрликке келген.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, билим берүү маселелери боюнча адис Абдывахап Нурбаевдин пикирин сурадык.

-Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов жарым жылга жетпеген убакыт иштеди. Эмне өзгөртө алды деп ойлойсуз?

«Буга чейин иштеген билим берүү министри Улан Мамбектакунов аппараттагы чиновниктердин кол алдында калып эле, бул тармакка эч кандай өзгөртүү киргизе алган жок».

-Азыр министрдин милдетин аткара баштаган Каныбек Иманалиевге бул тармакты башкарууну өлкө жетекчилиги сунуштаган экен. Анын алдында эмне милдеттер турат? Эмнеден башташы керек?

«Каныбек Иманалиевдин алдында өтө чоң иштер турат. Тилекке каршы, Кыргызстанда билим берүү тармагы эл аралык стандарттарда, рейтингдерде өтө төмөн. Мектепте балдарыбыздын келечегине пайдасы тие турган өзгөчөлүктү бере албай жатабыз. Ошол үчүн азыр жаңы мыйзам долбоору иштелип жатат. Эгер Иманалиев прогрессивдүү идеялары бар мыйзам долбоорун колдосо, министрликте 10-15 жылдап иштеп, жаңылык киргизе албаган, бул тармакты артка тарткан чиновниктердин сөзүнөн чыгып, Кыргызстандын билим берүүсүн өнүктүрүүгө идеяларды киргизсе, анда жакшы иштеп кете алат.

Ошондой кыла алабы, аны убакыт көрсөтөт.

-Каныбек Иманалиев азыркы президент Садыр Жапаровдун саясатын сындап келген, азыр да социалдык тармактын колдонуучулары анын мурда айткан сөздөрүн, видеолорун жарыялап жатышат. Бийлик бул кызматты ага эмнеге сунушташы мүмкүн? Деги эле кадр тандоо саясаты боюнча эмне айта аласыз?

«Президент менен Каныбек Иманалиев эмне деп сүйлөштү, биз үчүн белгисиз. Мүмкүн Садыр Жапаров президент болгондон бери «билим берүү тармагын реформа кылабыз, келечекте атандашууга туруштук бере турган балдарды даярдайбыз» деген сөздөрүн ишке ашырып бер деген ишенимде Каныбек Иманалиевди коюп жаткандыр.

Эгер ишке ашырса анын бул кызматка дайындалганы жакшы чечим болот».

Билим берүү эркин болгондо гана дүйнөлүк атаандаштыкка чыга алат

Жазуучу, журналист, саясатчы Каныбек Иманалиев 1969-жылы Кемин районундагы Кайыңды айылында туулган. 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин, 1998-жылы Орусия мамлекеттик кызмат академиясын саясат таануу адистигинде аяктаган.

2002-жылы Орусия мамлекеттик кызмат академиясында кандидаттык диссертациясын, 2010-жылы Орусия Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академияда докторлук диссертациясын жактаган.

1992-1994-жылдары «Асаба» гезитинде кабарчы, 1996-1999-жылдары Президенттин басма сөз катчысы, 1999-2004-жылдары «Учкун» акционердик коомунун директору сыяктуу кызматтарды аркалаган. 2000-жылдан бери Жогорку Кеңештин төрт чакырылышына депутат болгон.

Copyright © 2017 Maral FM