Биз менен байланышыңыз

Баткенде жалпы 332 турак жай колдонууга берилди

Кыска кабар | 24 Фев 2023 | 300 | 0

2022-жылдын сентябрындагы Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусунун кесепетинен Баткен облусунда 422 үй жарактан чыккан. Анын 418и жаңыдан курулуп, 4 үй капиталдык ремонттон өтүүдө. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымына караганда, бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында жаңы бүткөн үйлөрдүн курулушу менен таанышты.

Буга чейин толук салынып бүткөн турак жайларды кошкондо бүгүнкү күндө 332 үй колдонууга берилди. Калган 86 үйдүн толук курулушу мартта аяктайт.

Эске салсак, 2022-жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында Баткен облусунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун чек ара заставаларына жана калктуу конуштарына куралдуу кол салган.

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан 63 адам курман болуп, 198 адам жабыркаган. Ошондой эле турак жайлар, социалдык объектилер талкаланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM