Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Баткен облусуна барды

Кыска кабар | 24 Фев 2023 | 229 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунда жумушчу сапары менен жүрөт.

Жумушчу сапардын алкагында Акылбек Жапаров Баткен облусунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 2022-жылдын 14-17-сентябрь күндөрү орун алган каргашалуу окуялар учурунда талкаланган турак жайлардын ордуна салынган үйлөрдүн сапаты менен таанышат.

Жалпысынан 418 үй жарактан чыккан, анын ичинде Баткен районунда – 317, Лейлек районунда – 100 жана Баткен шаарында 1 турак жай талкаланган.

Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын көчмө отурумуна катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM