Биз менен байланышыңыз

Түркияга жардам үчүн ачылган эсепке 63 млн сомдон ашык акча топтолду

Кыска кабар | 24 Фев 2023 | 246 | 0

Бүгүн, 24-февралга карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 63 млн 427 миң 307 сом жана 15 миң 250 рубль түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.

Банк: «Айыл Банк» ААК
ИНН 01803199710084
БИК 135001
ОКПО 30597768
Эсептин номери: № 1350102119900169 «Каржы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркияга жардам)».
Төлөм коду: 14411100 — «Учурдагы жардам».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM