Connect with us

БУУнун Башкы ассамблеясы Украинаны колдогон резолюция кабыл алды

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Фев 2023 | 502 | 0

БУУнун Башкы ассамблеясынын 23-февралдагы атайын сессиясында Орусиянын аскерлерин Украинанын аймагынан чыгаруу тууралуу резолюция кабыл алды.

Бейшемби кечиндеги жыйында «Украинада кең көлөмдүү, адилеттүү жана бекем тынчтык орнотуу жана Орусиянын аскерлерин өлкөдөн толук алып чыгып кетүүгө чакыруу жөнүндө» резолюция добушка коюлду. Бул резолюцияны 193 өлкөнүн 141и колдоду. Ал эми жети өлкө: Беларусь, Мали, Никарагуа, Орусия, Сирия, Түндүк Корея жана Эритерия бул чечимге каршы добуш берди. Кытай, Индия сыяктуу өлкөлөр добуш берген эмес.

Буга чейин БУУнун Украинадагы уруш боюнча резолюциясы эң көп добушту топтогон учур өткөн жылдын октябрь айында болгон. Анда 143 өлкө Орусиянын Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запоржье облустарын каратып алуусун каралаган болчу.

Кошумчалай кетсек, эл аралык укукта БУУнун Башкы ассамблеясынын резолюциялары милдеттүү түрдө аткарылсын дегенге жатпайт.

Copyright © 2017 Maral FM