Биз менен байланышыңыз

АКШнын мамлекеттик катчысы Казакстанга расмий сапар менен барат

Кыска кабар | 24 Фев 2023 | 208 | 0

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 28-февралда Казакстанга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматына таянып, жергиликтүү басылмалар жазды.

Анын алкагында өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев, тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Мындан тышкары Энтони Блинкен Астанада Борбор Азия мамлекеттеринин жана АКШнын тышкы иштер ведомстволорунун башчыларынын «Борбор Азия – АКШ» форматындагы жолугушуусуна катышат. Күн тартибинде АКШ менен аймактык кызматташтыкты жана өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелери бар.

«С5+1» форматындагы жолугушуу 2015-жылы экономика, экология жана коопсуздук боюнча маселелерди талкуулоо үчүн түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM