Биз менен байланышыңыз

Мас болуп рулга отургандар үч жыл айдоочулук укугунан ажырайт

Кыска кабар | 24 Фев 2023 | 418 | 0

Ушул жылдын март айынан тарта мас болуп рулга отургандар бир жылдан үч жылга чейин айдоочулук укуктан ажыратылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгы кабарлады.

Мас айдоочулар боюнча Укук бузуулар кодексине бир катар өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизилди.

Унаа айдаганга укуктуу мастарга буга чейин 17 500 сом, айдоочулук укугу жок туруп, унаа айдаган мастарга 15 миң сом айып салынып, же коомдук иштерге тартылып келсе, мындан ары алар 3 суткага камакка алынат.

Унаа айдаганга укугу бар мас айдоочу ичимдик ичкенин текшертүүдөн баш тарткан учурда 17 500 сом айып салынып келсе, мындан ары 3 суткага, ал эми айдоочулук укугу жок мастар текшертүүдөн баш тарткан учурда 15 миң сом айып салынып келсе, мындан ары беш суткага камалат. Ошондой эле ичкилик ичкени үчүн бир жылга айдоочулук укугунан ажырайт.

Ал эми мас айдоочу кырсыкка учурап, башкалардын ден соолугуна зыян келтирсе, бирок жоругунда кылмыштын белгилери жок болсо, 20 миң сом айып салынып, 5 суткага камалып келсе, мындан ары андай айдоочу жети суткага камалып, андан тышкары бир жылга айдоочулук укугунан ажырайт.

Айдоочу жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин да жоругун кайталай берсе, унаасы убактылуу алынып, өзү үч жылга айдоочулук укуктан ажырайт.

Copyright © 2017 Maral FM