Биз менен байланышыңыз

Тарыхый инсандарга арнап жоолук коллекциясын чыгарган Назгүл

Блог | 24 Фев 2023 | 691 | 0

Назгүл Бөрүбаева кыргыз тарыхында өзгөчө орду бар атактуу айымдарга арналган жоолуктар коллекциясын сатыкка чыгарды. Дизайнер муну менен чыгаан айымдардын тарыхтагы ордун кийинки муундарга жеткирүү максатын көздөйт. Ал атактуу айымдардын басып өткөн жолу үлгү тутулушу үчүн тарыхты эстеткен буюм-тайымдар дайым болушу керектигин белгилейт.

«Мага келген кардарлардын көпчүлүгү белгилүү айымдарды билишпейт экен. Алар Телегей Сагымбаева, Айша Карасева ким экенин сурашат. Мен алардын басып өткөн жолун, кандай жашап өткөнүн айтып берем. Салтыбыз сакталып, кийинки муунга өтүшү үчүн тарыхты эстеткен буюм-тайымдар бизди курчап турушу керек».

Дизайнерге бул идея Австрияда жүргөндө келген. Анткени ал мамлекетте кайсы тармак болбосун тарыхта из калтырган адамдарды абдан баалашат. Назгүл Бөрүбаева: «Кыргызда да мыкты инсандар көп, алардын эмгегин баалап, атактуулар менен сыймыктанып, баскан жолун келечек муунга өрнөк катары көрсөтүп турган учурда гана элдүүлүк сакталат» деген пикирде.

«Австрияда Климт деген модернист сүрөтчү бар. Аны кичинекей балдарга чейин таанып, аябай сыймыктанышат. Аларды көрүп, «Эмне үчүн биз өзүбүздөн чыккан мыкты адамдарды баалабайбыз?» — деп ойлонуп калдым. Биз бардык тармакта из калтырган адамдарды баалап, айта жүрсөк туура болот эсептейм».

Назгүл айымдын айтымында, кардарлардын жоолук тандоосунан мүнөзүн билип койсо болот. Мисалы, Курманжан Даткага арналган жоолукту тандаса, өз оюн бетке айткан, акыл-эси башкалардан өзгөчөлөнүп турган айым болот. Себеби бул сапаттар Алай ханышасында болгон. Назик айымдар болсо, Таттыбүбү Турсунбаевага арналган жоолуктарды тандашат.

«Мисалы, бул жоолук Таттыбүбү Турсунбаева арналган. Ал айымдын мүнөзүнө жараша сүрөттөгөнгө аракет кылдык. Анда ийилген гүлдөр тартылып, назиктик бар. Айымдар келип жоолук тандаганда мүнөзүнө жараша тандашат. Биз анткени ар бир жоолукту арнап чыгарып жаткандан кийин аябай изилдеп, көп адам болуп эмгектенебиз. Аты аталган айымдардын бардык мүнөзүн ишине жараша сүрөткө чагылдырганбыз. Жоолуктардын арасынан Курманжан Даткага арналган жоолукту абдан көп убакытта жасадык».

Назгүл Бөрүбаева ийгилик адамдарга пайдалуу жана өзүнө жаккан ишти кылганда гана келерин айтат. Ал буга чейин башка чөйрөлөрдө да өзүн сынап көрүп, акыры бала кезиндеги жакшы көргөн иши — дизайнерликти колго алган.

«Адам өзүнө жаккан ишти жасаганда жана ал элге пайдалуу болсо, андан тапкан каражаты да берекелүү болот. Бир гана финансылык пайдасын караган туура эмес. Анткени ал иштин соңу ийгиликтүү болбой калат».

Кыргыздын тарыхын, каада-салтын, нарк-насилин кийимдер аркылуу жайылтууга дилгирленген дизайнер алдыда Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы каармандарга арналган жоолуктардын коллекциясын чыгарууну көздөп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM