Биз менен байланышыңыз

Баткен окуясында курман болгон жоокерлер эскерилди

Кыска кабар | 23 Фев 2023 | 534 | 0

Бүгүн, 23-февралда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында «Мекен коргоочулар» күнүнө карата салтанат өттү. Иш-чара 2022-жылдын сентябрындагы Баткен окуясында каза тапкан жоокерлерди эскерүү максатында уюштурулган.

Ага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, кыргыз-тажик кагылышында курман болгон жоокерлердин үй-бүлөсү, жакындары, УКМКнын Чер ара кызматынын, башка күч түзүмдөрүнүн өздүк курамы катышты.

Камчыбек Ташиев шейит кеткен жоокерлердин эрдигине таазим кылып, жакындарына ыраазычылыгын билдирди. Баатырлардын эрдиги эч качан унутулбай турганын кошумчалады.

Былтыр сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Кыргызстандын 63 жараны, анын ичинде 48 аскер кызматкери курман болгон.

Copyright © 2017 Maral FM