Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Эртең 19 градуска чейин жылуу болот

Кыска кабар | 23 Фев 2023 | 276 | 0

Кыргызстанда 24-февралда түнкүсүн Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан, кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз өлкө аймактарында күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17,

Талас облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +12…+17,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13,

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…+3,

Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+5, күндүз +17…+19 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM