Биз менен байланышыңыз

Коомдук транспортто буюм жоголсо кайда кайрылуу керек? Номурлар

Кыска кабар | 23 Фев 2023 | 593 | 0

Бишкек мэриясынын транспорт департаментинде табылгалар бюросу иштей баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эгер жүргүнчү коомдук транспорттон бир нерсесин жоготуп алса, шаар боюнча тигил же бул маршрутту издөөнүн кажети жок, төмөнкү номурлар боюнча билдирме калтыруу жетиштүү:

0502205202 — кичи автобустарда;

0990306076 — троллейбустарда;

0700465660  — автобустарда.

Ошондой эле 7-Апрель көчөсү, 4а дареги боюнча кайрылса болот.

Арызда унутулган же табылган нерсени деталдуу сүрөттөп, маршруттун номерин, ордун жана убактысын көрсөтүү керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM