Биз менен байланышыңыз

Түркияга кеткен куткаруучулардын экинчи тобу кайтып келди

Кыска кабар | 23 Фев 2023 | 246 | 0

Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуда издөө-куткаруу иштерин аткарган кыргызстандык куткаруучулардын экинчи тобу мекенине кайтып келишти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

«Манас» эл аралык аэропортунда куткаруучуларды өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк курамы жана жакындары тосуп алды.

Табигый кырсыктан жапа чеккен түрк элине жардам берүүгө 182 адам жөнөтүлгөн. Анын ичинде 6 дарыгер, 5 боз үй тигүүчү болсо, калганы ӨКМдин куткаруучуларынан турат. Биздин куткаруучулар жер титирөө катталган аймакта жалпысынан 8 адамды уранды алдынан аман алып чыгып, 182 адамдын сөөгүн табышты.

6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM