Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Куралдуу күчтөрдү өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда

Кыска кабар | 23 Фев 2023 | 246 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-февралда кыргызстандыктарды Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап, Куралдуу күчтөрдүн дараметин өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканны белгиледи.

Анын айтуусунда, бүгүнкү күндө күжүрмөн даярдыктын деңгээлин жогорулатуу, аскердик техника менен курал-жарактын жаңы түрлөрүн алуу, ошондой эле аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык абалын жакшыртуу аракети көрүлүп жатат. 

«Ар бир адамга өз үй-бүлөсүн ар кандай кыйынчылыктардан коргоосу ар-намыс болсо, эч нерсеге алмашкыс ата мекен үчүн тикесинен тик туруп берүүсү — ыйык милдет болуп саналат.Сүйүктүү Кыргызстаныбызды көздүн карегиндей сактоодо берген антыңарга бекем туруп, аскердик милдетиңерди мындан ары да жогорку жоопкерчилик менен аткарасыздар деп ишенем! Эл-жерине ак кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөтүп келаткан согуштун жана Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлерине, аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө терең ыраазычылык билдирем», — деп айтылат Жапаровдун куттуктоосунда. 

Кыргызстанда 2003-жылдан бери 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнү мамлекеттик деңгээлде расмий майрамдалат.

Copyright © 2017 Maral FM