Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда 7.3 балл, Кыргызстанда 4.5 балл жер титиреди

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Фев 2023 | 510 | 0

Бүгүн, 23-февралда таңкы саат 5:37де Тажикстанда күчү 7.3 баллга жеткен жер титиреди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.

Силкинүү очогу Кытайдын Синьцзян-Уйгур автоном облусу менен чектешкен Тажикстандын Мургаб аймагында болгон. Жер титирөөнүн күчү Кытайда 7.2 баллга, Иранда 5.5 баллга, Өзбекстанда 3-4 баллга, Казакстанда 2-3 баллга жеткен.

Ал эми Кыргызстандын Алай районундагы Бор-Дөбө айылында 4.5 балл, Нура жана Эркештам айылдарында 4 баллдык жер титирөө катталган.

Тажикстандагы зилзала боюнча азырынча толук маалымат бериле элек. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыйроолор жана жабыркагандар жок экенин кабарлады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM